Нарын облусундагы жергиликтүү журналисттер арасында жарыяланган белгилүү тележурналист Вадим Карпеков атындагы сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.
"Өлкөм өнүгүү жолунда!" деген тема алкагында жарыяланган сынакта "Мыкты видео сюжет" үчүн 1-орунга Нарын облустук телерадиокомпаниясынын журналисти Нооруз Абылаев ээ болуп, 20 миң сом жана диплом менен сыйланды. Соцтармакка жарыяланган "Мыкты материал" номинациясындагы байгелүү орун Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Назгүл Мүсүралиевага ыйгарылып, 20 миң сом жана диплом тапшырылды.
Салтанатка дубан башчы Алтынбек Эргешов баштаган бир катар облустук, шаардык жетекчилер, Вадим Карпековдун үй-бүлөсү жана жакындары, журналисттер катышып, Нарында тележурналистиканын калыптанышына кошкон салымын эскеришти.
Аталган сынак быйыл 11-жолу уюштурулуп, ар жылы өзгөчөлөнгөн темаларда жергиликтүү калемгерлер облустун социалдык жана экономикалык чөйрөсүндө аткарылган иштер, жетишкен ийгиликтер жана алдыдагы максаттар тууралуу материалдарды даярдап келишет.
Сынактын калыстар тобу тележурналист Вадим Карпековдун Нарын облустук телерадиокомпаниясынын түптөлүшүнө кошкон салымын белгилешип, анын атындагы сынакты республикалык деңгээлде уюштуруу сунуштарын беришти.