Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров: Бишкек кайрадан жалпы тоо коомчулугу үчүн консолидация түйүнүнө айланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров: Бишкек кайрадан жалпы тоо коомчулугу үчүн консолидация түйүнүнө айланууда

«Бүгүн Бишкек кайрадан жалпы умтулуулар жана үмүттөр менен бириккен өлкөлөр жана эл аралык уюмдар, ошондой эле жалпы тоо коомчулугу үчүн консолидация түйүнүнө айланууда», - деп Кыргыз Республикасынын  Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде, Бишкек шаарында «Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу: Бишкек+25 саммитине бара жаткан жолдо» эл аралык конференциясында баса белгиледи.

Конференцияда ошондой эле Лесото Королдугунун Премьер-министринин орун басары Жастис Нтоменг Мажара, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун башкы директору Цюй Дунъюй жана Азия токой чарбасы боюнча кызматташтык уюмунун аткаруучу директору Парк Чонхо сөз сүйлөштү.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү:

"Урматтуу делегация башчылары жана Глобалдык тоо диалогунун катышуучулары,

Урматтуу айымдар жана мырзалар,

Тоолуу Кыргызстанга кош келиңиздер!

Улуу Ала-Тоонун этегинде жайгашкан биздин Бишкек шаарында жыйырма жылдан ашык убакыт мурда бүткүл дүйнөлүк тоо диалогунун пайдубалы түптөлгөн.

Бүгүн Бишкек кайрадан жалпы умтулуулар жана үмүттөр менен бириккен өлкөлөр жана эл аралык уюмдар, ошондой эле жалпы тоо коомчулугу үчүн консолидация түйүнүнө айланууда.

Орток көйгөйлөр жана кызыкчылыктар, тилектештик жана биргелешкен чечимдерге негизделген диалогубузду улантып жатабыз.

Дүйнө өсүп жаткан глобалдык чакырыктарга – климаттын өзгөрүшүнө, аба ырайынын экстремалдык шарттарына, жаратылыш кырсыктарына, экосистеманын тездеген деградациясына, биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушуна туш болду.

Уникалдуу ресурстарга ээ болгон тоолуу өлкөлөр бир эле учурда бардык ушул процесстердин таасирине дуушар болуп жатышат.

Биздин конференция Азия, Европа, Америка, Африка жана Австралия өлкөлөрүн бириктирүүгө багытталган, алар бири-биринен алыс болгонуна карабастан, мөңгүлөрдүн эриши, биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушу, Альп жана Анд тоолорундагы, Килиманджаро менен Гималайдагы, Памир-Алай мененТянь-Шань, Кавказ менен Алтай жана башка тоо тутумдарындагы тоо экосистемаларынын деградациясы сыяктуу көйгөйлөргө туш болушууда.

Ыкчам чаралар, макулдашылган аракеттер жана эл аралык коомчулуктун көңүл буруусу талап кылынат.

Ушул өлкөлөрдүн өкүлдөрү бүгүн Кыргызстанга, Теңир-Тоонун чок ортосуна кош келиңиздер!

Кымбаттуу достор,

2000-жылдардын башынан тартып Кыргыз Республикасы БУУнун алкагында ырааттуу кадамдарды жасап, тоолорду туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндө глобалдык күн тартибин акырындык менен кеңейтүүгө жетишип, тоо маселелерине дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу боюнча жигердүү иштерди жасап келет.

Биздин демилгебиз менен БУУнун Башкы Ассамблеясы «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү» резолюциясында 2023-2027-жылдарды Тоолорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялаган. Биз бардык өнөктөштөрүбүзгө колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Бүгүнкү конференция ушул беш жылдыктын алкагында өтүп жатат.

Беш жылдык аракеттердин Глобалдык алкактык планынын негизинде БУУга мүчө мамлекеттер тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда.

Кыргызстанда тоолор беш жылдыгынын алкагында төмөндөгүдөй иш-чараларды аткардык:

- Жашыл энергетиканы өнүктүрүү.

Кыргызстанда акыркы 2 жылда тоолуу жана алыскы райондордун жашоочуларын электр энергиясы менен камсыздоого багытталган 14 чакан ГЭС ишке киргизилди. 2025-жылы дагы 18 ГЭСти куруу пландалууда.

- Транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү.

Темир жана автомобиль жолдорун куруу, ички аба каттамдарын өнүктүрүү аркылуу тоолуу райондорду шаарлар менен байланыштыруу боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө.

- Тоолуу аймактарды жашылдандыруу.

Өлкөдө токой аянттарын көбөйтүү боюнча “Жашыл Мурас” улуттук программасы ишке ашырылып жатат, бул биздин парник газдарынын чыгындыларын өздөштүрүү потенциалыбызды жогорулатууга багытталган. Бул программанын алкагында жыл сайын 8 миллионго чейин бак-дарактар отургузулат.

- Санариптештирүүнү өнүктүрүү.

Алыскы жана тоолуу аймактардын жашоочулары үчүн санариптик мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

- Калктын медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу.

Кыргызстан дүйнөдө биринчилерден болуп телемедициналык долбоорду иштеп чыгып, “Индия жана БУУ өнүктүрүү өнөктөштүк фондунун” алкагында 1 млн АКШ доллары өлчөмүндө каржылоо алды.

Өлкө калкынын басымдуу бөлүгү тоолуу аймактарда жашаарын эске алсак, аймактарда улуттук потенциалды жана саламаттыкты сактоо мекемелерин өнүктүрүү социалдык саясат тармагындагы негизги милдеттердин бири болуп саналат.

- Элдин жашоо шартын жакшыртуу.

2024-жылы мамлекеттин эсебинен кыска мөөнөттүн ичинде электр энергиясы, интернет жана негизги инфраструктурасы менен камсыз болгон Баткен районунун бийик тоолуу жана барууга кыйын Зардалы айылын мисалга алып, биз эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте өлкөнүн алыскы тоолуу райондорунда калктын жашоо шартын жакшыртууга мындан ары да даярбыз.

Биз эл аралык уюмдарды жана каржы институттарын географиялык обочолонууга катарлаш климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин башынан өткөрүүгө аргасыз болгон тоолуу жана алыскы аймактардын жашоочуларынын социалдык-экономикалык шарттарын жакшыртуу боюнча долбоорлорду колдоого чакырабыз.

Урматтуу катышуучулар, кымбаттуу достор!

Биз бүгүн катышып жаткан конференция жасалган иштерге баа берүү гана эмес, 2027-жылы өтө турган Бишкек+25 Глобалдык Тоо саммитине бара жаткан жолдо жаңы коалицияларды, стратегияларды жана саясий милдеттенмелерди түптөө аянтчасы болуп саналат.

Алдыдагы жылдарга карата коюлган биздин күн тартип масштабдуу жана көп катмарлуу.

Тоо күн тартибин глобалдык деңгээлде илгерилетүү боюнча күч-аракеттерибизди бириктирүүнү жана төмөндөгү аракеттерди көрүүнү сунуштайм:

тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу жана климаттык кризиске туруктуулукту жогорулатуу үчүн эл аралык каржы институттарынын колдоосу менен айыл чарбасында, жашыл экономикада жана энергиянын кайра жаралуучу булактарында инновацияларды ишке ашыруу;

тоолуу аймактардагы долбоорлорду, анын ичинде климатты каржылоо механизмдери аркылуу туруктуу каржылоону камсыз кылуу. Бул максаттарда тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүү фондун түзүүнү сунуш кылам;

дүйнө өлкөлөрүнүн тышкы карызын «жашыл» демилгелерге алмаштыруу боюнча биздин демилгелерибизди колдоону сунуштайм. Биз Германия жана Түркия тарапка бул демилгеге практикалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.

тоо экосистемаларын коргоо жана климаттын өзгөрүшүнүн тоолуу райондорго тийгизген таасири боюнча эл аралык изилдөөлөрдү, анын ичинде Климаттын өзгөрүүсү боюнча өкмөттөр аралык комиссия аркылуу кеңейтүү зарыл;

БУУнун алдында “БУУ-Тоолор” координациялоо механизмин түзүү;

*өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдөн турган тоолуу өлкөлөрдүн кеңири коалициясын түзүү;

Жаштардын жана аялдардын катышуусусуз туруктуу келечекти куруу мүмкүн эмес экенин баса белгилегим келет. Биз “Тоо жаштары, аялдар жана климат” эл аралык платформасын түзүүгө чакырабыз, анда жаштардын жана аялдардын демилгелери угулуп, колдоого алынат. Биздин чечимдер натыйжалуу гана болбостон, адилеттүү жана инклюзивдүү болушу керек.

Кымбаттуу достор, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү курчап турган чөйрөнү сактоо жана бул аялуу аймактарда гана эмес, ошондой эле төмөн жактарда жашаган адамдардын бакубат жашоосу үчүн да маанилүү.

Биз 2027-жылы өткөрүүгө даярданып жаткан Бишкек+25 саммити иш-аракеттердин беш жылдыгынын жыйынтыгы гана болбостон, жаңы этаптын – тоолорду туруктуу өнүктүрүү үчүн адилет, амбициялуу жана бирдиктүү эл аралык кызматташтыктын башталышы болот деп ишенем.

Биз бардык өлкөлөрдү жана эл аралык өнөктөштөрдү Тоо саммитине жогорку деңгээлде катышууга жана биздин жалпы үйүбүз – Жер планетасынын келечек муундары үчүн тоолорду туруктуу өнүктүрүүгө салым кошууга чакырабыз.

Кыргызстан – тоолуу өлкө. Биздин үнүбүз баарыбыздын кызыкчылыгыбызды көздөйт. Баарыңыздардан биздин Глобалдык тоо диалогубузду колдоону суранам.

Конференцияда сиздерге ийгиликтүү жана жемиштүү иш каалайм.

Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!"