Жаңылыктар
Быйыл Кыргызстанда 18 ГЭС куруу пландалууда
Кыргызстан жаңылыктары
Быйыл Кыргызстанда 18 ГЭС куруу пландалууда

Акыркы 2 жылда Кыргызстанда тоолуу жана алыскы райондордун тургундарын электр энергиясы менен камсыздоого багытталган 14 чакан ГЭС ишке киргизилди. Быйыл дагы 18 ГЭСти куруу пландалууда. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров "Бишкек+25 саммитине карай туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу" эл аралык конференциясында сөз сүйлөп жатып билдирди. 

Өлкө жетекчиси Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгынын алкагында кандай иштер жасалганына токтолуп кетти. Алардын катарында жашыл энергетиканы өнүктүрүү, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, тоолуу аймактарды жашылдандыруу, санариптештирүүнү өнүктүрүү, калктын медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, элдин жашоо шартын жакшыртуу бар. 

Президент Садыр Жапаров буга мисал катары Баткен облусунун бийик тоолуу Зардалы айылын келтирди. Былтыр Зардалы айылынын эли кыска мөөнөттүн ичинде мамлекеттин эсебинен электр энергиясы жана интернет байланышы менен камсыз болгон. Мамлекет башчы эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте өлкөнүн алыскы тоолуу райондорунун калкынын жашоо шартын жакшыртууга даяр экендигин кошумчалады.