Бүгүн Баткен шаарында Чернобыль окуясынын 39 жылдыгына карата эскерүү иш чарасы өтүп, каза болгондорго куран окулду.
Иш чарага Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков баштаган жергиликтүү жетекчилер, Чернобыль окуясынын катышуучулары, каза болгондордун үй-бүлөлөрү жана шаар тургундары катышты.
Авариянын кесепеттерин жоюуга Баткен облусунан жалпысынан 146 жаран катышып, бүгүнкү күндө Чернобыль апаатынын 85 катышуучулары арабызда.
Иш чарага катышкан жетекчилер, Чернобыль АЭСиндеги трагедиялуу окуя боюнча сөз сүйлөп, каза болгон жарандардын элеси түбөлүккө сакталып, арабыздагы катышуучулары ар тараптан колдоого алынаарын белгилешти.
Соңунда Чернобыль апаатында курман болгондорго багышталып куран окулду.
Ошондой эле, Чернобыль атомдук станциясында авариядагы жарылуунун кесепетин жоюудагы эрдиктери үчүн, бир катар катышуучуларга сыйлыктар тапшырылды.