“Бүгүн 16-апрель, 1942-жыл. Мен бүгүндөн баштап күндөлүк жаза баштадым. Жаз келип Ленинград жанданды. Кечээтен баштап трамвай жүрө баштады. Бул биз үчүн аябай кубанычтуу. Апам экөөбүз трамвайга түштүк. Билетин сактап койдум” деп башталган күндөлүк 26 гана күндү камтыйт. Ал баасы 35 тыйындык 321-сериядагы бир багыттуу трамвай билетин күндөлүккө тиркеп койгон.
Ленинград блокадасына туш болгон баланын күндөлүгү азыркы тапта Какен Мамбеталиева атындагы Нарын облустук тарыхый-этнографиялык музейинде сакталуу. Мындан туура 83 жыл мурун жазылган күндөлүк тоо койнундагы музейге 2019-жылы өткөрүлгөн.
Ошол кездеги Ленинград шаарында жашап, иштеген теңиртоолук Тойгонбай Жаанбаевдин колуна аталган күндөлүк 1984-жылдын 25-февралында тийген экен.
“1977-жылы армиядан келген соң окууга тапшыруу үчүн Ленинград шаарына баргам. Бирок орус тилин жакшы билбегендиктен, окууга өтпөй калдым. Анан орус тилин үйрөнүү үчүн эле аталган шаарда калып, Балтика кеме куруу заводуна жумушка кирип, 10 жыл түрдүү жумуштарда иштеп калдым. Ошол эле мезгилде заводдун алдындагы кесиптик-техникалык окуу жайында окуп, токарь адистигине ээ болдум. Завод алдында Аскердик патриоттук клубдар иштеп, ар кандай жүрүштөр, спорттук мелдештер, маданий иш-чаралар, жолугушуулар өтүп турчу.
1984-жылы 23-февралда майрамга карата клубдун мүчөлөрү менен Ленинград блокадасына катышкан 82 жаштагы апанын жолугушуусу уюштурулуп, ал бизге блокадада болгон күндөрүн айтып берип, блокадага катышкандардын буюмдарын, китептерин тапшырган. Алардын арасында бул күндөлүк дагы бар экен. Эки-үч күн өткөндөн кийин, 25-февралда жетекчибиз ал буюмдарды баарыбызга бөлүштүрүп, эстелик катары таратып берди. Мага ушул күндөлүк тийди. Ошентип бул күндөлүктүн Кыргызстанга, анын ичинен Нарын облусуна келип калышы өзүнчө бир тарых”, - деди Тойгонбай Жаанбаев.
Тойгонбай мырзанын баамында, бала 16-17 жашта. Күндөлүк 1942-жылдын 16-апрелинен башталып, 12-майда бүткөн жана болгону 26 күндү камтыйт.
“Менден жагымсыз жыт чыга баштады. Александра Петровна “С” витамин алып келип берди. Госпиталга жолдомо алдым. Эртең госпиталга барам, бирок мени алабы же жокпу? 12-май деп жазып койгон. Ушуну менен күндөлүк бүткөн. Андан ары баланын абалы эмне болгону белгисиз? Биз менен жолугушууга келген апа дагы баланын тагдырын айткан жок. Ошентип күндөлүк ээсинин аты, тагдыры, ким экендиги мага белгисиз бойдон калды”, - дейт Жаанбаев.
Тойгонбай Жаанбаев 1993-жылы Кыргызстанга кайтып келген. Бул күндөлүктү өзү менен кошо ала келип үйүндө, чемоданда эле сактап жүрүп, 35 жылдан кийин тагыраагы, 2019-жылы тарых музейине өткөрүп берген.
Учурда тарых музейиндеги адамзаттын өчпөс изин, тарыхын камтыган маданий баалуу экспонаттардын катарында бул күндөлүк дагы орун алган. Андагы жазуулар блокадада калган шаардын, анда күн кечирген жергиликтүүлөрдүн тарткан азап-тозогунан кабар берген жалгыз буюм болгондуктан, музей кызматкерлери үчүн да анын узак сакталышы маанилүү.
“Бул күндөлүк биз үчүн тарыхый баалуулугу менен өтө маанилүү. Анткени ошол күндөрдү эстеткен тарыхый баалуу маалыматтар жазылган. Бул кайра кайталанбай турган буюм. Анын ичинде жазылган маалыматтар баалуу болуп аткандан кийин сактоо дагы өтө маанилүү. Негизи кагаз буюмдар бат эскирип, сапатын бат жоготот. Күндү сүйбөйт, ошондуктан караңгы жерде - музейдин сактоо бөлүмүндө сактайбыз. Кадимки китеп ачык жерде 20-30 жыл сактала турган болсо, бул жерде 50, 100 жылдап сактап, өмүрүн узартуу биздин милдет. Күндөлүктү 9-майда алып чыгып экспозицияга коебуз.
Күндөлүктү окуп чыкканда, болкадада калган Ленинград, андагы жарандардын катаал жашоосу көз алдыма тартылды. Тилекке каршы баланын аты айтылган эмес. Аябай майда жазылгандыктан жыл өткөн сайын окуу дагы кыйын болуп баратат. Люса деген карындашы бар экенин түшүндүм. Булардын ачкачылыкта жашаганын көрсөк болот. Атайын карта менен барып үйдө канча адам болсо ошого жараша ченеп тамак алып турушчу окшойт. Таттуу жегиси келгенин айтат.
“Бүгүн кечки тамакка кайнак суу ичтик, алыбыз кетип бутубузга тура албай калдык. Биз Люсяны балдар үйүнө өткөрсөк, анын картасы бизде калмак, биз үч кишинин картасы менен тамак алат элек”.
“Бүгүн, бир тилим нан жедик. Кошунабыз менин колбасамды, бир тилим нанымды жеп алдың деп урушту. Аны көрүп апам ыйлады”, - деп жазган экен.
Бала синга оорусу менен ооруптур. Бул оору жер-жемиштин жетишсиздигинен болот.
“Бутум жара болду, шишип баспай калдым. Дарыгер эртерек келип мени көрсө экен. Госпиталга жолдомо берсе экен”,- деп тиленген. Бала кайра кайтып келген эмес окшойт, келсе күндөлүгүн улантмак деп ойлоп жатам”, - деди аталган музейдин башкы сактоочусу Гүлзат Акматалиева.
Күндөлүктү окуган адамга ошол кезде душмандын курчоосунда калган шаар тургундарынын аргасыз күндөрүн, оор жашоосун көз алдыга тартат. Беш жылга созулган Улуу Ата Мекендик согуштагы Лениград блокадасы өзүнчө тарыхкка ээ. Немис аскерлери шаарды жок кылуу максатында Ленинград шаарын курчоого алган.
1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин - 872 күнгө созулган Ленинград салгылашында германиялык аскерлер оор жоготууга учураганына карабастан, алгач Шлиссельбургду басып алып, Ленинградды кургактыктан бөлүп салууга жетишкен.
Блокада учурунда шаарга 150 миңдей снаряд, 107 миңден ашуун күйүүчү жана фугастык авиабомба түшкөн, шаарды аткылоодон, бомбалоодон жана ачкачылыктан 642 миңден ашуун, айрым маалыматтар боюнча 840 миңге жакын адам өлгөнү айтылат. Шаар аймагына 4,1 миңден ашуун дот жана дзот курулуп, көчөлөргө баррикадалар орнотулган. Курчоодо калган ленинграддыктарга бүткүл совет эли жардам берген.
1941-жылдын 12-сентябрынан 1942-жылдын октябрына чейин Ладога көлү жана аба флоту аркылуу шаарга керектүү кийим-кече, азык-түлүк жеткирилип, шаардан айрым завод-фабрика жабдуулары эвакуацияланган. 1944-жылдын 27-январында Ленинград шаары курчоодон бошотулуп, 3 млн. шаар калкынан 560 миң киши гана шаарда калган.
Музей кызматкерлери Ленинград блокадасынын оор тарыхын чагылдырган күндөлүктөгү маалыматтарды жалпы журтка жеткиликтүү болуу үчүн көчүрмөсүн жана аудио жазуусун камдоону пландап жатышат.