Жаңылыктар
Баткен жана Фергана облустарынын маалымат каражаттары кызматташат
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен жана Фергана облустарынын маалымат каражаттары кызматташат

Кыргызстандын Баткен жана Өзбекстандын Фергана облустарынын маалымат каражаттары ортосунда кызматташуу боюнча алгачкы документке кол коюлду. Бул тууралуу бүгүн Баткен облустук бийлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен облусунун аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Өзбекстандын Фергана облусунун маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен Фергана шаарында жолукту. Алар Фергана облусундагы телевидение, гезит, радиолордун ишмердүүлүгү менен таанышып, тажрыйба алмашты.

УТРК Баткен телеканалы менен Фергана облусунун Рухсор телерадиокомпаниясынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Тараптар кыргыз-өзбек элинин кылым карыткан кошуналык жакын мамилесин, достугун чыңдоо жана Баткен-Фергана облустарынын ар тараптуу кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган, биргелешкен материалдарды даярдоо боюнча макулдашты.

Ошондой эле журналисттер Фергана облусундагы тарыхий жана туристтик объекттерде болуп, туристтер үчүн түзүлгөн шарттарды көрүштү.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан Республикаларынын Президенти Шавкат Мирзиёев эки тараптуу кызматташтыкты жогорку деңгээлге алып чыгуу боюнча кол койгон документтерге ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Өзбек Республикасынын Фергана облусунун акимиятынын ортосунда кызматташууну кеңейтүү жөнүндө комплекстүү программага («Жол картасы») кол коюлган.

Ага ылайык бул сапар, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун тапшырмасына ылайык, маалымат каражаттары аркылуу, кошуна элдердин карым катнашын өнүктүрүү максатында уюштурулду.