Жаңылыктар
Садыр Жапаров Словакиянын Тышкы жана европалык иштер министри Юрай Бланарды кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Словакиянын Тышкы жана европалык иштер министри Юрай Бланарды кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде, Кыргызстанга расмий сапар менен келген Словакия Республикасынын тышкы жана европалык иштер министри Юрай Бланарды кабыл алды.
 
Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо, экономикалык байланыштарды кеңейтүү, билим берүү, энергетика, транспорт, туризм тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында өз ара иштешүү маселелери талкууланды.
 
Мамлекет башчысы словакиялык делегациянын Кыргызстанга иш сапары «Интергельпо» өнөр жай кооперативинин 100 жылдыгын белгилөө менен дал келгенин канааттануу менен белгиледи.
 
«Кооператив Кыргызстандын өнөр жай базасын өнүктүрүүгө зор салым кошту, анын катышуучуларынын күжүрмөн эмгеги жана ак ниеттүүлүгү эл аралык натыйжалуу кызматташтыктын көрүнүктүү мисалы болуп калды», - деди Президент.
 
Ал ошондой эле Кыргызстан Европа өлкөлөрүнүн курчап турган чөйрөнү коргоого жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө умтулууларын тең бөлүшөрүн баса белгилеп, экологиялык туруктуу өнүгүү, энергиянын кайра жаралуучу булактарына өтүү жана жаратылыш кырсыктары учурунда эрте кабарлоо системаларын түзүү жаатында биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдарлык билдирди.
 
Өз кезегинде Словакия Республикасынын Тышкы жана европалык иштер министри Юрай Бланар жылуу кабыл алуу жана мазмундуу жолугушууну жогорку деңгээлде өткөрүү мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
 
Ал «Интергельпо» өнөр жай кооперативинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы маанилүү окуя жана жалпы тарыхый мурастын бир бөлүгү экенин, анын негизинде биргелешкен келечекти курууга болоорун баса белгиледи.
Министр эки өлкөнүн ортосунда саясий пикир келишпестиктер жок, ачык жана ишенимдүү мамилелер түзүлгөнүн, Словакия Кыргызстан менен өз ара кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин белгиледи.
 
«Бишкекке карай жолдо мен масштабдуу өзгөртүүлөргө жана жигердүү курулуштарга күбө болдум, бул өлкөнүн ырааттуу өнүгүүсүн күбөлөндүрүп турат. Ушундан улам мен Кыргызстандын экономикасына словакиялык бизнестин катышуусу үчүн олуттуу потенциалды көрүп турам», - деп белгиледи Юрай Бланар.
 
Министр ошондой эле Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоорун айтып, аларды узак мөөнөттүү туруктуу өнүгүүнүн жана туруктуулуктун бекем негизи деп атады. Ал өзгөчө кыргыз тараптын коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелерин тынчтык жолу менен чечүү аракетин кубаттап, мындай кадамдар коопсуз жана гүлдөп-өскөн келечекти куруу үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.
 
 Жыйынтыгында Юрай Бланар Словакиянын мамлекеттик башкаруу жаатындагы тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даярдыгын билдирди жана эки тарапты кызыктырган ар кыл чөйрөлөрдө иш жүзүндө кызматташууну кеңейтүү ниетин ырастады.