Жаңылыктар
Суусамыр - Талас - Тараз жолун реконструкциялоо башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Суусамыр - Талас - Тараз жолун реконструкциялоо башталды

Суусамыр - Талас - Тараз жолун реконструкциялоо башталып, ага бүгүн транспорт жана коммуникациялар министри Абсатар Сыргабаев старт берди.


Долбоорго ылайык, эл аралык маанидеги жолдун 105-198-чакырымдары толук жаңыртылат. Ал үчүн Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каражат бөлүнүүдө

 Оңдоло турган жолдун жалпы узундугу 93 чакырым. Жол куруу ишин Кытай компаниясы жүргүзөт.

Суусамыр – Талас - Тараз жолун 3 жыл аралыгында толук салып бүтүрүү пландалган. Талас облусунун Манас, Айтматов, Бакай-Ата жана Талас райондору аркылуу өткөн бул жол Суусамыр өрөөнү менен Талас шаарын, андан ары Казакстандын Тараз калаасын байланыштырат.