Жаңылыктар
11 жашынан баштап оорукта эмгектенген ардагер
Кыргызстан жаңылыктары
11 жашынан баштап оорукта эмгектенген ардагер

Ат-Башы районуна караштуу Өзгөрүш айылынын тургуну Сүйүн Мамырбаева быйыл 94 жаштын тамагын ичип отурат. Ал тогуз жашында кан күйгөн согуш чыгып, 11-12 жашынан баштап колхоздун оор жумуштарына аралашып калат. Жазгысын машак терип, жайкысын чөп жыйнашып, күзүндө орок оруп, болгон түйшүк аялдардын, кары-картаңдардын моюнуна түшөт. Ошол учурдагы согуштун азап-тозоктуу жашоосу каарманыбыздын жүрөгүндө унутулгус болуп сакталып калган.

Ардагерибиз согуш аяктагандан кийин Нарын педагогикалык окуу жайынан билим алып, колхоздо китепканачы болуп узак жыл иштеген. Куржун көзүнө китептерди толтуруп, ат менен жайлоолорду кыдырып, малчыларга китеп таратып, кышында суукта, жайкысын жамгырда калган күндөрү көп болгон. Эмгектин алдыңкысы катары айылдык кеңештин бир нече жолку депутаты болуп шайланат. Өзүнө тагылган милдетти татыктуу өтөгөн үчүн “Эмгектин каарманы” өндүү бир нече орден, медалдар менен сыйланат. Ал оруктагы оор күндөрдү, кийинки колхоздо иштеген жылдарын мындайча эскерди.  "Согуш чыкканда атам аскерге кетип, апам менен биз калдык. Тамак-аш тартыш. Куураган турмуш. Бала экен дебей темтеңдеп биз деле колхоздун жумушун жасайбыз. Согуш бүткөндөн кийин кызыл үйдө китепканачы болуп иштедим. Жаныбыз тынбай эле талаа-түздө жүрчүбүз".    

Каарманыбыз 1932-жылы Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында жарык дүйнөгө келген. Балалыгы согуш жылдарына туш келип, 11 жашынан баштап колхоздо чондор менен жарыша чөп чаап, орок оруп эмгектенгенге туура келген.

“Ысык-суукта, талаа түздө көп жүрүп, эки тиземе суук тийиптир. Баса албайм” деген Сүйүн апа учурда небереси Райымбеков Тилектин колунда күн кечирүүдө. Ал чоң апасынын тылдагы жасаган эмгеги тууралуу айтып берди.

"Энемдин айтуусу боюнча согуш учурунда күндүзү чөпкө иштеп, арпа орушчу экен. Жаздын күнү машак терип, түндүн бир оокумуна дейре кол кап, байпак түйчүзүбүз деп айтып калчу. Ошентип жаны тынбай эмгек кылышып, кан майдандагы жоокерлерди азык-түлүк, кийим кече менен камсыздашып, кенедей өспүрүм болсо дагы Германияны жеңүүгө салым кошкон кишилердин бири. Мамлекет эмгегин баалап, сталиндик орден берген экен",- деди ал.

Сүйүн Мамырбаева 17 жашында Райымбеков Керимбекке турмушка чыгып, бир балалуу болушат. Өмүрлүк жолдошу учурунда агартуу тармагында эмгектенип, Өзгөрүш айылындагы мектепти түптөп, анын директору болуп иштейт. Жолдошунун өмүрү кыска экен. 29 жашында каза болуп калат. Эрте жашында жесир калган оруктун ардагери жалгыз уулун тарбиялап, андан үч небере, ондон ашык чөбөрө көрүп отурат.  

"Биз кичинекей кезде чоң энем конокко көп барчу. Чөбөрөлөрү чууруп, баарыбыз артынан ээрчип алчубуз. Атамдар айтып калат ошол себептүү эл чоң энемди “паравоз кемпир” деп коюшчу экен. Бизге мээримин төгүп, бөпөлөп бакты. Илгери согуш учурунда жашоо оор болгондугун, азыр жыргал жашоодо жашап жатканыбызды айтып, “жакшы ыймандуу адам болгула” деп таалим-тарбия берди. Баарыбыз чоң энебиз менен сыймыктанабыз”,-деди чөбөрөсү Кутман Тилеков.

Сүйүн апа бир жылдан бери ден соолугу начарлап, баса албай, сүйлөй албай калган. Карылыктын белгиси катары кулагы да катуу болуп, биздин берген суроолорубузга кыска жооп берди. Ал кыйналып жатып “жергебизде согуш болбосун, элибизде тынчтык болсун” деген тилегин жолдоду.