Жаңылыктар
Эрте кош бойлуулук көбүнчө бойдон алдыруу менен аяктайт
Кыргызстан жаңылыктары
Эрте кош бойлуулук көбүнчө бойдон алдыруу менен аяктайт

Кыргызстанда өспүрүм  кыздар  арасында  эрте  төрөттүн  учурлары  катталууда. Өткөн 2014-жылы 1000ден ашык  14-15 жаштагы  кыздардын төрөтү  белгилүу болгон. Мындай жагдайга  кыздардын  репродуктивдүү саламаттык тууралуу маалыматынын жоктугу себеп дешет адистер. Ошондой эле  жетиштүү моралдык тарбиянын жоктугу да  кедергисин тийгизип  жаткандыгы айтылууда.

Өлкөдө 2015-жылы 13-14 жашка чейинки жаш кыздар арасында миңден ашык төрөттүн учуру катталган. Анын ичинен  200дөйү  бойдон алдырган.  Бул  фактылар  белгилүү болгону гана, жаап-жашырылып көмүскөдө калган учурларда  канча экендиги белгисиз  дешет дарыгерлер.

Эрте  кош бойлуулук  көбүнчө бойдон алдыруу же  төрөт менен аяктайт.  Адистер, эрте курактагы төрөт  энеге да, жаңы төрөгөн  наристеге да  коркунуч жаратарын эскертишет.  Эне канчалык  жаш болсо,   бала  кабыла турган  тобокелчилик да жогору болот. Кошумчалай кетсек, жыл сайын  дүйнө жүзүндө  1 миллионго  жакын  өспүрүм кыздар 15 жашка чейинки курагында көз жарат.