Жаңылыктар
Кумтөр маселеси кайрадан талкууда
Саясат
Кумтөр маселеси кайрадан талкууда

Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата-Журтчулар” өкмөткө “Центерранын” кошумча эмиссия боюнча чечимин жокко чыгарууну сунуштады. Фракция жыйынында аталган компаниянын директорлор кеңешине Кыргызстан тараптан татыктуу талапкерлер тандалышы керек экени белгиленип, “Кыргызалтын” ишканасына сындар айтылды. Канадалык инвестор тараптын кошумча эмиссия чыгаруусуна эл өкүлдөрү гана эмес, өкмөт да каршылыгын билдирген. Аткаруу бийлиги соттошууга даярданып жатат.

 “Центерра” 4, 6 миллион даана акция чыгарганы кабарланган. Компаниянын бул кадамын өкмөт мыйзамсыз деп эсептейт. “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Алмаз Алимбеков талаптар бузулганын фракция жыйынында төмөндөгүдөй түшүндүрдү.

-Компаниянын ушул чечимди кабыл алган жыйынына директорлор кеңешинин биз  тараптан сунушталган 3 мүчөсү да катышып, алар каршы добуш беришкен. Кошумча  эмиссия чыгарылганы тууралуу бизге дароо кабарлашкан. Бул негизсиз чечим. Ал  тургай маселени кароонун процедуралары да бузулган болушу мүмкүн. Күн  тартибинде башка маселе көрсөтүлүп, бирок жыйынтыгында ал каралбай, талаштуу  чечим кабыл алынып жатат. Келишимде кошумча эмиссия чыгаруу мүмкүн экени  камтылган. Бирок, ал өндүрүштү кеңейтүү, жаңы активдерди сатып алуу максатында  гана жасалат. Бул кадам компаниянын карыздык милдеттенмелерин жабууну гана  көздөйт. Биз муну эреже бузуу деп эсептейбиз.

Алимбеков белгилегендей “Центерранын” жетекчилиги менен эми соттошуулар башталат. Ал үчүн Кыргызстандын кызыкчылыгын коргой турган укуктук компания тандалууда. “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов маселени соттошуу жолу менен эмес, компаниянын менеджментин алмаштыруу менен чечүү зарыл экенин айтат.

Өмүрбек Бабанов: Акцияларынын көбү өзүбүзгө таандык компания  менен өзүбүздүн акчаны коротуп соттошуш керекпи? Юридикалык компанияны  бюджеттин эсебинен жалдап, өзүбүздүн компания менен соттошуунун зарылчылыгы  барбы? “Центтерранын” жетекчилиги бул компаниянын кожоюндары эмес экенин  “Кыргызалтын” туура түшүнүшү керек. Ушундай маселе жаралып жаткандан кийин  Кыргызстандын 3 мүчөсү менеджментти алмаштырууну сунушташы керек болчу.

Дал ушул “Центерранын” директорлор кеңешинин Кыргызстан тараптан дайындалган 3 мүчөсүнө арбын сындар айтылды. Фракция мүчөлөрүнүн баамында ар ай сайын 20 миң доллар айлык алган ишмерлер маянаны актагандай иш аткара албай жатышат. “Кыргызалтындын” жетекчисинин орун басары Бектур Сагынов Кылычбек Шакировдон башка эки мүчөсү кызматтарын тапшырууга арыз жазышканын билдирди. Учурда жаңы мүчөлөрдү тандоо жүрүп жатат.

Фракция өкмөткө “Центерранын” кошумча эмиссия чыгаруу тууралуу чечимине бир айдын ичинде чара колдонуу, компаниянын директорлор кеңешине кыргыз тараптан эл аралык укуктук тажрыйбасы бар жана англис тилин мыкты өздөштүргөн адистерден дайындоону, келечекте “Кумтөрдө” рекультивация иштерине канча каражат кетээрин аныктоону тапшырды. Өкмөт канадалык инвестор менен соттошууга даярдык көрүп жатат. Вице-премьер-министр Олег Панкратов буга чейин кандай талаштар болбосун кен быйыл үзгүлтүксүз иштей турганын билдирген.

Калыгул Асамбаев