Жаңылыктар
Аялдардын радикалдашуусу өлкө аймагында кеңири кулач жайууда
Дин
Аялдардын радикалдашуусу өлкө аймагында кеңири кулач жайууда

Ошто 33 жаштагы аялга "Ислам мамлекетинин" ишмердүүлүгүнө кол кабыш кылган деген айып тагылып, кылмыш иши козголду. Облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, айыпталып жаткан жаран октябрь айынын  соңунда кармалган  жана  ал  өткөн жылдын жай айларында  Сирияга баратат  деген  шек менен да Ош-Стамбул аба каттамындагы  учактан түшүрүлүп калган болчу. Бирок жаш өзгөчөлүгү, үй бүлөлүк  абалы эске алынып кое берилген эле. Бул жолкусундагы иш аракеттерине атайын экспертиза жүргүзүлүп, тастыкталды жана анын тыюу салынган "Хизб-ут-Тахрир" диний уюмунун Кыргызстандагы аялдар түйүнүнүн жетекчиси экени да аныкталды,-  деп билдиришет милиция  кызматкерлери. Аялдардын  радикалдашуусу өлкө  аймагында кеңири кулач жайып бараткандыгы  учурда  коомчулуктун кооптонуусун жаратууда. Айрым  жарандар  бул көйгөй  социалдык муктаждыктан  жаралышы мүмкүндүгүн айтышса, кээ бирлери  иштейм деген адамга  бүгүнкү күндө жумуш  бар экендигин белгилешип,  коомго жат көрүнүштөргө  барып жаткандар   мамлекеттин, улуттун баалуулуктарына  каршы  иштеп жатат дешет. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"