Жаңылыктар
Атамбаев: Саляновага ишенгем, көрсө жаңылыпмын
Саясат
Атамбаев: Саляновага ишенгем, көрсө жаңылыпмын

Басма сөзгө баяндама

Мамлекет башчынын маалымат жыйынында айткан президенттиктен 1-декабрга чейин кетүүнү ойлоп жатам деген сөзүн тема кылып "Фабула" жаңы санын  басты. Президенттин журналисттерге берген жоопторун толугу менен гезиттин кийинки беттеринен тааныша аласыз. Бул күнү өлкө башчысы 140 маалымат өкүлдөрүнүн 100гө жакын суроолоруна жооп берген.Маалымат жыйынан даярдалган макала “Улуу ага саясатын жүргүзүүгө жол берилбейт, Орус аба базасынын мөөнөтү 15 жылга узартылды, АКШ менен мамилени бузбайбыз, Мен президент катары кайсы гана өлкөнүн өкүлү болбосун ордуна коем, доктор Апастын ордун бирөө алышы керек, саясатчылар жазган китептерди окубайм, “ Мегакомду” эртелеп сатыш керек,

Саляновага ишенгем, көрсө жаңылыпмын, демократиялык өлкөдө мураскер болбойт, Бабанов же Төрөбаев президент болсо таң калбайм, референдум-парламенттик демократияга кадам таштоо, кезексиз парламенттик шайлоого каршымын, Кой-Ташта үй салган жер тилкеси мыйзамдуу, Кумтөр боюнча 50-50 үлүшкө аз калды, Улан Исраилов керектүү министр, элдин колдоосун сезем, “Белизгейт” тастыкталбаса, Сегизбаев жоопко тартылат, Эс алууга чыкканда ырчылык өнөрүн өркүндөтөт деген майда темаларга бөлүнүп басылды.

Андан ары "Фабула" мамлекет башчынын колдоосу менен 5 жыл Жогорку Кеңешти башкарып, эми болсо оозунан муз бүркүп калган Асылбек Жээнбеков учурда чээнге кирген аюудай дымы чыкпай, башын колтугуна каткан кези деген сүрөттөмө берип, КСДПнын бараандуу депутаты экенине карабай партиянын дарегине айтылган сөзгө, президентке карата каралоо компаниясына кылы кыйшайган жок кайдигер гана карап турганы душмандын элесин берет деп, зоболосун көтөрүп, аброюн арттырган президентке адамгерчилик үчүн болсо да моралдык колдоо көрсөтсө жарашмак. Кененирээк аудиодон уксаңыз болот.


Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"