Жаңылыктар
“Кошой” кант заводу кийинки жылы ишке кирет
Экономика
“Кошой” кант заводу кийинки жылы ишке кирет

Кийинки жылы ишке кире турчу “Кошой” кант заводу миңдеген жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылат. 

Бул тууралуу 1-декабрда, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Чүй облусундагы «Кошой» ишканасынын абалы менен таанышуу учурунда билдирди. Учурда Чүй облусундагы “Кайыңды-Кант” заводу дыйкандардын кызылчаларын иштеп жетишпей келет. 

Эми “Кошой” кант заводу ишке кириши менен кант кызылчасын кайра иштетүү маселеси чечилет. 

Ошондой эле Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тиешелүү мамлекеттик органдарга заводко чейинки  жолдорду оңдоо, аймактын инфраструктурасын жакшыртуу жана дыйкандарга түшүмдүүлүктү арттыруу багытында берилген насыянын көлөмүн көбөйтүү тапшырмаларын берди.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"