Жаңылыктар
Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын саны 486га жетти
Айыл чарба
Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын саны 486га жетти

Бүгүнкү күнү республикадагы суу пайдалануучулар ассоциацияларынын саны 486га жетти. 

Алар өлкө аймагындагы 749300 гектар аянтты сугат суусу менен камсыздап келет. 

Аталган тармакка өкмөт тарабынан ар тараптуу колдоолор көрсөтүлүп, бир катар заманбап техникалар сатылып берилди.

Республика аймагындагы суу пайдалануучулар бирикмелирне көп жооптуу милдеттер тагылган. 

Алар ички чарбалык сугат тармактарын ар убак оң абалда кармап, дыйкан, фермерлерди өз маалында  сугат суу менен камсыз кылуу аракетин көрүшөт.

Суу пайдалануучулар бирикме өкүлдөрүнүн  3-республикалык конференциясы 2-декабрда өз ишин жыйынтыктайт.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"