Жаңылыктар
Акысыз кеңеш берүүчү клиникалар өз ишин улантууда
Кыргызстан жаңылыктары
Акысыз кеңеш берүүчү клиникалар өз ишин улантууда

Кыргызстанда быйыл калктын аярлуу тобу акысыз юридикалык жардам алуусу үчүн атайын долбоор демилгеленип, акысыз кеңеш берүүчү клиникалар иштеди.

 Ага ылайык, кымбат  юридикалык кызматка кайрыла албаган жарандарга укуктук жардамдар берилип, соттук иштер дагы каралган. 

Ал арада жергиликтүү серепчилер алыскы айылдарда юридикалык сабатсыздык негизги көйгөй экенин айтышууда.

Ошентип, Кыргызстанда калктын аярлуу тобу акысыз юридикалык жардам алып, бул багытта сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн арттыруу жана укук үстөмдүүлүгүн бекемдөө үчүн жарандык коомдун ролун күчөтүү долбоору иштеди. 

Жалпысынан долбоор башталгандан бери Тогуз-Торо районунда эле 300дөн ашуун жаранга акысыз юридикалык кеңеш берилип, 40 тан ашуун иштин жарымынан көбү элдин пайдасына чечилген.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"