Жаңылыктар
КТРКда медиалаборатория долбоору аяктады
УТРК жаңылыктары
КТРКда медиалаборатория долбоору аяктады

Коомдук телерадиоберүү корпорациясында медиалаборатория долбоору аяктады. 

Анын алкагында журналистика факультетинин студенттери жана окуу жайды аяктаган ММКнын жаш кызматкерлери мультимедиа журналистинин аткара турган иштерин үйрөнүп, тажырыйба топтой алышты. 

4 айга созулган окутуу учурунда катышуучулар үндү, видеону монтаждоо, сүрөткө туура тартуу, радио жана телекөрсөтүүгө программа даярдоо, интернет сайты үчүн жаңылык жазуу жана белгилүү бир аудитория менен иштешүүнүн жол жоболору үйрөнө алды. 

Окутуу курсунун жыйынтыгында катышуучулар долбоорлорду даярдаган, арасынан мыктылары Коомдук каналдын эфиринен жарык көрөт.