Жаңылыктар
Президент Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковду кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковду кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковду кабыл алды. 

Мамлекет башчысына маданиятты өнүктүрүү, кыргыз маданий мурасын сактоого жана арттырууга багытталган тарых,маданият жылынын алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. 

Жолугушууда маданий мекемелердин кызматкерлерине колдоо көрсөтүү, анын ичинде турак-жай менен камсыздоо планын жана өлкөдө искусствону мындан ары өнүктүрүү приоритеттерин талкуулашты.