Жаңылыктар
Москвада кыргыз жараны сасык тумоодон каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Москвада кыргыз жараны сасык тумоодон каза болду

Москвада кыргыз жараны сасык тумоонун  өтүшүп  кетүүсүнөн  каза болду. Бул тууралуу Россиянын маалымат каражаттары жазып чыкты. Бишкек шаарында  болсо  респиратордук вирустук инфекция  күч  алып, окуучулардын   сабакка  катышуусу  төмөндөгөндүгүнө  байланыштуу бардык  мектептерге  карантин  киргизилди. 

Ошондой эле Чүй облусунда  да 10 мектеп жабылды.  Ага чейин  балдардын  реанимацияга түшкөндүгү   белгиленген.  Маалыматтар боюнча,   тумоологондордун басымдуусу  14 жашка чейинки  балдар болууда. Буга байланыштуу,  дарыгерлер  алдын  алуу чараларын  көрүүнү  эскертүүдө. 

Бишкекте ,  өткөн жумада ,  окуучулардын  сабакка катышуусу төмөндөп  кеткендиктен , окуу процесси токтоп, мектептерге   12-декабрга чейин карантин  киргизилди.  Адистер,  мектеп курагындагы  балдардын медициналык жардам алууга кайрылуулары жума, ишемби күндөрү  дагы деле азайбагандыгын айтууда. Шаардык  санитардык  көзөмөл борборунун  бөлүм  башчысы  Айнагүл  Рыскулбекова   бул багытта  мындай дейт:

Тумоонун  көбөйгөңдүгүнө  байланыштуу  Чүй  облусундагы 3 райондо 10  мектеп жабылды:  алар  Аламудүн районуна караштуу Лебединовка айылындагы  №2 мектеп-гимназия,  Таш Төбө айылындагы  мектеп   жана Байтик айылындагы “Кут Билим” окуу-тарбия комплекси,   Сокулук району боюнча   2:  Беримкулов   атындагы   жана  Ат Башы  орто мектеби,  Панфилов району боюнча 5 мектеп:   №1- Чалдовар, №1- Кайынды,  Тилекеев, Болотбеков  жана  №2-Чалдовар орто мектептеринде  окуу процесси токтоду.   Жугуштуу оорулар ооруканасына  да  акыркы  3 жумадан медициналык жардамга  кайрылгандардын саны да өсту. Буга байланыштуу  ооруканада алты бөлүм  ачылган,  орундуктар жетишпегендиктен  бейтаптар  коридорлорго  жаткырылды.   Аталган мекеменин башкы дарыгери   Гүлжигит  Аалиевдин  айтуусунда,  оорулуулардын  95 пайызын  балдар  тузүп жатат. Алардын арасында  оор абалда келип, кайра жандандыруу бөлүмүндө  жаткандар бар.

Өткөн   аптада  "Тез жардам" кызматына көп   кайрылуулар  болуп, ооруканаларга   баргандардын  саны  да  кескин көбөйдү.   Алар  курч мүнөздөгү респиратордук вирустук  инфекциясына кабылгандар.Буга байланыштуу  эне жана баланы коргоо борборуна  ошондой эле  шаардагы №3  тез жардам балдар клиникалык  ооруканасына   кошумча бөлүмдөр  ачылды.  Бирок,  жалпы республика боюнча  эпидемиологиялык абал туруктуу экендигин   ооруларды алдын алуу  жана  санитардык көзөмол борборунун  бөлүм башчысы  Динара Оторбаева  айтат.

Ал арада  Москва шаарында  тумоого чалдыккан  кыргыз жараны   оорунун өтүшүп  кетүүсүнөн   каза болду.   Россиянын маалымат каражаттары  20 жаштагы  кыргыз  кыздын сөөгү өзүнүн батиринен табылгандыгын  жазып чыкты.  Маалыматтарда   айтылгандай,  ал  кыз  акыркы күндөрү катуу ооруп жүргөн.  Москванын  тиешелүу ведомствосу , калаада   респиратордук оорулар боюнча   эпидемиологиялык абал туруктуу  экендигин  билдирген. 

Бирок, Россиянын Днепропетровск,  Луганск жана Харьков аймактарында  сасык тумоо эпидемиясы башталгандыгын  “Факты”  сайты жазып чыкты.  Маалыматтар боюнча,  оорулуулардын 69 пайзын балдар тузүп , грипптин өтүшүп кетүүсүнөн 13 жаштагы өспүрүм баланын каза болуп, бир нече мектепке карантин киргизилди.  

Тумоонун  өтүшүп  кетүүсү  пневмония, ангина, пиелонефрит, цистит, энцефалит, менингит сыяктуу  коркунучтуу  ооруларга  кептеп, өнөкөт ооруларды : бронх астмасын, жүрөк  кан-тамыр дарттарын  козгойт.  Ал  адамды майыптыкка  алып келиши ыктымал.Дарыгерлер  ошондой эле  калктын туура эмес  дарыларды , айрыкча,  антибиотиктерди   баш аламан колдонуусунан  улам  ооруну дарылоодо кыйынчылык  жаралып жаткандыгын айтууда.  Ошондуктан ,   ооруну алдын алып, айрыкча балдарга көңүл буруу зарыл дешет медиктер.