Жаңылыктар
Бүгүн залкар акын Сооронбай Жусуевдин сөөгү жерге берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн залкар акын Сооронбай Жусуевдин сөөгү жерге берилди

Бүгүн залкар акын, кыргыз эл баатыры, Токтогул сыйлыгынын ээси Сооронбай Жусуевдин сөөгү жерге берилди. Белгилүү акын 4-февралда 91 жаш курагында дүйнө салган. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына көптөгөн белгилүү адамдар, бийлик өкүлдөрү жана калың эл катышты. 

Кыргыз эл баатыры менен коштошууга коомдук, мамлекеттик ишмерлер, өкмөт мүчөлөрү, илимпоздор жана башка көптөгөн адамдар чогулган. Баардыгы улуу акынды жоктоп, аза күтүштү. Сооронбай Жусуевдин артына калтырып кеткен изи эскерилди. Президенттин атынан жакындарына жана жалпы кыргыз журтуна көңүл айтылды.

Атактуу акын 1925-жылдын 15-майында Кара-Кулжа районундагы Алай-Куу өрөөнүндө жайгашкан Кызыл-Жар кыштагында туулган. Айыл мектебин бүтөрү менен 18 жашында армияга кетип, 1943-1945-жылдары Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияда байланышчы болуп кызмат өтөп, майданда эки жолу жарадар болгон. 

Акын 70 жылдан ашык мезгил чыгармачылык менен алектенген. Алгачкы «Эмгек күүсү» аттуу ыр жыйнагы 1950-жылы басмадан чыккан. Андан бери акындын 30дан ашык китеби кыргыз тилинде, 14 китеби орус тилинде жарык көргөн.

Сооронбай Жусуевдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө жерге берилди. Коштошууга келгендер топурак салып, куран окулду.