Жаңылыктар
Бишкекте "Манас" күнүнө арналган иш-чара өттү
Маданият
Бишкекте "Манас" күнүнө арналган иш-чара өттү

 Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында “Манас” күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болду. Ага премьер-министр, президенттик аппараттын өкүлдөрү жана маданият кызматкерлери катышты. 

Иш-чарада премьер-министр материалдык эмес маданий мурастарды сактоо жана изилдөө, Кыргызстан элдеринин руханий кайра жаралышына, андан ары маданий өнүгүшүнө багытталган шарттарды түзүү маанилүү экендигин белгиледи. Ата-бабалардын мурасына аяр мамиле кылып, улуттук жана тарыхый каада-салтты сактоо - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын негизги милдеттери деди.

 “Манасты” Манас кылып турган кудуреттүү, касиеттүү сыр - дал ушул манасчылык өнөрдүн маңызында жатат. Манас угуп отурган адам манасчылык өнөр - көркөм өнөрдүн атасы экендигин сезет. Элибиздин уюткулуу өнөрү болгон “Манас” эпосунун сан миң сабын боюна батырган манасчылар улуттун өзөгүн кармап турат. Өлкөбүздө үчүнчү ирет манасчылар 7 күн, 7 түн манас айтып, Сагымбай, Саякбай өңдүү залкарларыбыздын көчүн улап, сөзүн курап келе жаткан бүгүнкү замандын манасчыларына жана “Саякбай манасчы” эл аралык фондунун президенти Саматбек Ибраевге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ыраазычылык билдирем” - деп баса белгиледи Өкмөт башчы.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков манасчыларга өкмөттүн сыйлыктарын тапшырды. Улуттук маданияттын өнүгүшүнө, кыргыз элинин руханий жана маданий баалуулуктарын бекемдөөгө жана сактоого, «Манас» эпосун жайылтууга кошкон салымы үчүн Өкмөттүн Ардак грамотасы менен Талантаалы Бакчиев, Рысбай Исаков, Улан Исмаилов жана Салимбай Турсунбаев сыйланышты. 

Премьер-министрдин атынан ысымы жазылган сааттар Саматбек Ибраев менен Дөөлөтбек Сыдыковго ыйгарылды. Мындан тышкары премьер-министрдин атынан Замирбек Баялиевге, Асан уулу Тилек, Камил Мамадалиевге, Сапарбек Касманбетовго жана Назаркул Сейдрахмановго алкыш жарыяланды. Ошондой эле «Манас» эпосун жайылтууга кошкон салымы жана колдоосу үчүн Премьер-министр Сооронбаев Жээнбековго дагы «Саякбай» фондунун жетекчилиги фонддун төш белгисин ыйгарды.