Жаңылыктар
Кыргыз ССРинин түзүлгөнүнө 80 жыл толду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз ССРинин  түзүлгөнүнө 80 жыл толду

Бүгүн Кыргыз ССРинин  түзүлгөнүнө 80 жыл толду. 1936-жылы 5-декабрда кабыл алынган СССРдин Конституциясына ылайык, Кыргыз  АССРинин мамлекеттик саясий статусу жогорулап, союздук республика болуп калган.  

СССР Жогорку Советинин чукул чакырылган VIII съездинде Кыргыз АССРинин мамлекеттик саясий статусу, Союздук Республика болуп өзгөртүлүшү менен мамлекеттик саясий статусу жогорулаган күн, 1936-жылдын 5-декабры. Ошондо  Кыргыз ССРинин  Эл комиссарлар Советине төрагасы Баялы Исакеев, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбеков болгон. Бул учур  тууралуу Кыргыз Республикасынын Баатыры,  эл жазуучусу Бексултан Жакиев, ошол эгемендик үчүн күрөшкө  чыккандардын  бири Жусуп Абдрахмановдун тарыхта калган сөзүн  мисалдата эскерди. 

Бул совет доору деп айтылып келген тарыхый учурдун, кыргыз элине маданий жактан  эбегейсиз өнүгүү алып келгени жана ошол эле учурда улуттун  рухун басынткан  көйгөйлүү жактары да болгону  тууралуу окуялар так жазылып калышы керек дейт, адис тарыхчылар. 

Зинакан Кайыпова, “Биринчи радио”