Жаңылыктар
Кыргызстан эл аралык университети билим берүү көргөзмөсүн өткөрдү
Билим
Кыргызстан эл аралык университети билим берүү көргөзмөсүн өткөрдү

Кыргызстан эл аралык университети билим берүү көргөзмөсүн өткөрдү. Университет абитуриенттерге Кыргызстанда биринчи жолу эки диплом берүү жана СЭНДВИЧ программасы боюнча билим берүүнү тартуулап жатат. 

Бул окуу жайга тапшырган болочок кесип ээси, эки жыл Кыргызстанда окуса, калган эки жылды 8 мамлекеттин 12 университетинде билим алып улантат. Ал эми СЭНДВИЧ программасы менен окугандар Кыргызстандын гана дипломун алат. Бирок ар жыл сайын Индия, Туркия жана башка өнөктөш окуу жайларына тажрыйба топтоого чыгып турат. Демек мындай программа, Кыргызстандын гана билими берилбестен Европа билимин берүүнү дагы көздөйт.     

Окуу жайдын окутуучулары - бизнести башкаруу, экономика, теология, политология, чыгыш таануу, журналистика жана социалдык-экономикалык билим берүү сыяктуу 12 адис боюнча келгендерге атайын программа сунушталды. 

Бюджеттик орундар жок, баары келишимдин негизинде. Келишимдин баасы жылына 1,5 миң доллардан 4,5 миң долларга чейин. Атайын жеңилдиктер үчүн лоторея дагы ойнотулду.