Жаңылыктар
“Манас” эпосунун күнүнө арналган салтанат өттү
Маданият
“Манас” эпосунун күнүнө арналган салтанат өттү

4-декабрда “Манас” эпосунун күнүнө арналган салтанатта Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп, манасчыларга  сыйлык тапшырды.

Тарыхты эске салсак "Манас" үчилтиги  2013-жылы 4-декабрда ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча  тизмесине  катталган. 

 Ал эми  2015-жылы 27-апрелде бул күн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  токтому менен “Манас” эпосунун күнү-  деп,  расмий түрдө белгиленген. 

Рухтун майрамына барган кары-жаш дебей, салтанатты көркүнө чыгарган театралдык  композицияда : “Манастын уулу Семетей” драмасынан үзүндү,  “Манасты даңктаган  ыр-бийлер  жаш-кары дебей көпчүлүктү муютуп, рахат тартуулады.

Зинакан Кайыпова, “Биринчи радио”