Жаңылыктар
Өкмөт, "Кыргызстан" партиясынын берген убадасына карата билдирүү таратты
Саясат
Өкмөт, "Кыргызстан" партиясынын берген убадасына карата билдирүү таратты

«Кыргызстан» партиясы шайлоо алдындагы үгүт иштеринде 2018-жылдан тарта ар бир төрөлгөн ымыркайга мамлекет тарабынан 50 миң сом көлөмүндөгү бир жолу берилүүчү каржылык көмөк төлөнүп берилерин билдирген. 

Буга байланыштуу өкмөт билдирүү таратты. Ага ылайык, партиянын энелик капиталды киргизүү тууралуу сунушу финансылык жактан негизделген эмес. Анткени «өлкөнүн 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018 — 2019-жылдарга карата болжолу тууралуу» мыйзам долбоорунда мындай финансылык каражаттар каралган эмес. 

Муну менен катар “мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөгү» мыйзамдын негизинде, балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдар, төмөнкүдөй өлчөмдө дайындалат: 

Балдар он алты жашка чыкканга чейин ала турган жөлөкпул бүгүнкү күндө айына 810 сомду түзөт. Бала төрөлгөндө бир жолу берилүүчү сүйүнчү жөлөкпулдун суммасы - 2700 сом. 

Мындан тышкары, эгиз төрөлгөн балдарга дагы жөлөкпул берилет. Алардын ар бири үч жашка чыкканга чейин ай сайын 900 сомдон алат; Үч жана андан көп эм төрөлгөндөргө жөлөкпул – алардын ар бири он алты жашка чыкканга чейин ар бир балага 1350 сомдон. 

Белгилей кетсек, жөлөк пулдун бул өлчөмдөрү жыл сайын инфляциянын көрсөткүчтөрүн эске алуу менен көбөйүп турат.