Жаңылыктар
Өзбекстанда өткөн президенттик шайлоодо Шавкат Мирзиёев жеңишке жетти
Дүйнө
Өзбекстанда өткөн президенттик шайлоодо Шавкат Мирзиёев жеңишке жетти

Өзбекстанда өткөн президенттик шайлоодо Шавкат Мирзиёев жеңишке жетти. Мындай маалыматты Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматтарга караганда, Мирзиёевго шайлоочулардын 88 пайыздан ашыгы добуш берген. 

Боршайкомдун төрагасы Мирза-Улукбек Абдусаламов такталган тизмедеги шайлоочулардын 90 пайызы добуш берүүгө катышканын кошумчалады. 

Эскерте кетсек, 2003-жылдан бери Өзбекстандын өкмөтүн башкарып келген Мирзиёев Ислам Каримов көз жумгандан кийин мамлекет башчынын милдетин да аткарып калган. 

Ал Либерал демократиялык партиядан талапкер болгон.