Жаңылыктар
Равшан Момуновдун жылдызы жана баштады
Маданият
Равшан Момуновдун жылдызы жана баштады

1960-жылдары Рыспай Абдыкадыровдун авазы жумурай журтка угулуп, жылдызы жана баштаса, андан  кем калбаган аткаруулары менен акыркы жылдары Равшан Момуновдун аты атала  баштады. 

Көпчүлүккө чыга бербеген ырчы Асанкалый Керимбаев, Токон Эшбаевдин стилинде не бир аваз менен созолонткондо кулактын кумары канат. 

Биринчисинде Ош МУда өткөн “Карыялар күнүндө” А. Керимбаевдин “Ак булуттарын” созолонто ырдаганда ардагерлердин баары күтүрөтө кол чабышып, экинчи ирет М. Осмоновдун ырын ырдаганда андан бетер дүркүрөтө кол чаап туруп алышты. 

Равшан Момунов жулунуп-жулкунбаган, оор басырыктуу жигит. Ырлары да мүнөзүндөй салмактуу. Мына ошол Равшан шашпай жүрүп алып тушоо кести жеке концертин мыктылап берүүнү пландады. Анын аргендей коңур үнүн уккан жандын жарпы жазылып, купулга куп толгон концерти Ош Улуттук драм театрында болгону атат.

Асанбек Пазыл,  "Биринчи радио", Ош