Жаңылыктар
Референдумдан кийин Кумтөр маселеси чечилет
Экономика
Референдумдан  кийин  Кумтөр   маселеси  чечилет

Бул тууралуу  президент  Алмазбек Атамбаев  1-декабрда   билдирди.  Эксперттик коомчулук  да   Конституцияга  “Кумтөр”  боюнча  киргизилип  жаткан   түзөтүүлөр  менен   экологиялык  кылмыштарга  бөгөт  коюга  жол ачылгандыгын айтууда.  

Эгерде  рефендум  өтсө, анда  чет элдиктердин кызыкчылыгына  иштеген  экс-чиновниктер өмүрүнүн аягына чейин сот жоопкерчилигинен качып кутула алышпайт.

Баш мыйзамдын долбоорундагы  маанилүү болгон  өзгөртүүлөрдүн  бири  -  Кумтөргө байланыштуу маселе.  “Кылым аферасы”  аталган   Кумтөр боюнча баш мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр  да бар.  

Баш мыйзамдын  26-беренесинин 7-пунктуна   “Жасалган кылмыштын эскирүү мөөнөтү келгенде жазык жоопкерчилигинен бошотуу укугу мыйзам менен белгилениши мүмкүн.  Геноцид жана экоцид кылмыштарына эскерүү мөөнөтүн колдонууга жол берилбейт”  деген  норма  киргизилип   жатат. “Экоцид”  терминин колдонуу менен бардык экологиялык кылмыштарга бөгөт коюга жол ачылды  деп ишенет  тоо кенчилер ассоциациясынын төрагасы Орозбек Дүйшеев.

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"