Жаңылыктар
“Дордой” базары экономиканын өнүгүүсүндө чоң роль ойноду
Экономика
“Дордой” базары экономиканын өнүгүүсүндө чоң роль ойноду

“Дордой” базары Кыргызстандын соңку тарыхында, өлкөнүн  экономикалык өнүгүүсүндө чоң роль ойноду. 

Бул тууралуу “Дордой” ассоциациясынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйында президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Аалы Карашев  билдирди. 

“Дордой” ассоциациясынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйынга өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депуттары, ишкерлер жана “Дордой” базарында соода-сатык менен алектенген жарандар чогулду.

“Дордой” ассоциациясы Орто Азиядагы ири логистикалык борбор гана болбостон миңдеген ишкерлерди даярдаган экономикалык мектеп боло алды дейт адистер. 

Ошондой эле “Дордой” социалдык долбоорлорду да ишке ашырып, спорт, маданият, искусство тармактарын  да колдоп келет.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"