Жаңылыктар
Кыргызстандыктардын алдында 2 маанилүү саясий окуя турат
Саясат
Кыргызстандыктардын алдында 2 маанилүү саясий окуя турат

11-декабрга беш күн калды. Кыргызстандыктардын алдында 2 маанилүү саясий окуя турат. Биринчиси Баш Мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча жалпы элдик референдум жана жергиликтүү кенештерге депуттарды шайлоо.

Шайлоочулар арасында 11-декабрь күнү кантип добуш берүү боюнча маалыматы жоктору да бар. Анткени шайлоо жергиликтүү, жана шаар кеңештерде можаритардык, пропорционалдык тартипте өтөт.

Учурда шайлоочулардын тизмеси тактылып, өлкө аймагындагы шайлоо участкалары учурда акыркы даярдыктарды көрүүдө. Деген менен БШКнын ишине нааразычылыктар айтылууда.

Жергиликтүү кенештерге жалпысынан шайлоо республика боюнча 22 шаарда жана 384 айылдык кеңештерде өтөт.

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"