Жаңылыктар
Кыргызстанда кышкы туристтик сезон башталды
Туризм
Кыргызстанда кышкы туристтик сезон башталды

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон башталды. Азыр өлкөдө 23 тоо лыжа базасы бар. Бүгүнкү күндө алардын 18и туристтерди кабыл алууга даяр.
Акыркы жылдарда өлкөдө бир гана жайкы эмес, кышкы туризм да кеңири кулачын жайууда. Анын ичинде тоо лыжасы жогорку деңгээлде өнүгүп, жергиликтүү жана чет элдик жарандардын эс алуучу жайына айланып баратат. Ал эми аларда иштеген жергиликтүү жашоочулар да өз кезегинде жакшы кирешеге ээ болуп, үй-бүлөлүк бюдежетин толтуруп алууда.

 Маалыматтарга ылайык өлкөдө 23 тоо лыжа базасы бар. Учурда алардын ичинен 18и туристтерди кабыл алууга даяр. Ал эми калгандары болсо даярдык иштерин улантууда. Адистердин пикиринде лыжа базаларынын деерлигинин шарттары көңүл жубатаарлык ал эми, коопсуздук жагы да жолго салынган.

Мисалы Каракол жана Чүйдө деңиз деңгээлинен эки жарым миң метр бийиктикте жайгашкан лыжа базаларында эс алып жүргөндөр миңдеп саналат. Статистикага ылайык бул базаларга жылына бир сезондо эле 30-40 миңден ашуун турист келип, эс алып кетишет.

Чет элден келген саякатчылардын агымы жылдан жылга өсүп жаткандыктан, адистер кышкы туризмге мындан да ыңгайлуу шарттар түзүлүп, эс алуучу жайлар дагы көбөйсө, ал жактар да бош калбайт деген пикирде.