Жаңылыктар
Сасык тумоого каршы вакцина алынып келинди
Ден соолук
Сасык тумоого каршы вакцина алынып келинди

Калк арасында ооруну жөнгө салуу максатында мамлекеттик  каражат эсебинен сасык тумоого каршы 70 миңден ашык “Гриппол плюс” вакцинасы алынды.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Чолпон Султанбекованын жетекчилигинде өткөн сасык тумоо боюнча отурумда маалым болду. 

5-декабрь күнү Бишкек шаары боюнча 888 адам ак халатчандарга кайрылып, 185и ооруканага жаткырылган. 

Сасык тумоого байланыштуу борбор калаанын 95 мектебинде окуу процесси токтотулган. Жалпысынан республика боюнча 141 окуу жайы карантинге жабылган. 

Балдардын сабакка катышуусун көзөмөлдөгөн мониторинг дагы эле уланып жатат.