Кыргызстанда конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча буга чейин жети жолу референдум өткөрүлгөн. Бирок тилекке каршы алардын бардыгын мурдагы бийликтер өздөрүнүн ыйгарым укуктарын бекемдөө же мөөнөтүн узартуу үчүн жасап келгени эч кимге жашыруун эмес. Ал эми бул жолу депутаттар тарабынан демилгеленген алдыдагы жалпы элдик добуш берүү тескерисинче бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарын тең бөлүштүрүүгө багытталган. Анын ичинен президенттин бийлиги чектелип, өкмөт менен парламенттин укуктары теңелет.
Премьер-министрдин ролу мурдагыдан да бекемделүүдө. Ал УКМК жана коргоо мекемесинин жетекчисинен башка кайсы министр болбосун кызматтан алууга укугу болот. Анын эрежеси жөнөкөй эле. Премьер-министр министрлер кабинетинин бир мүчөсүн иштен кетирүү жөнүндө сунуштама келтирет. Эгер президент 5 жумушчу күндүн ичинде жарлык чыгарбаса, анда өкмөт башчы сунуштамасын өзүнүн чечими менен ишке ашыра алат. Бош калган орунга өкмөт башчы өзү татыктуу деген талапкерин көрсөтүп, аны Жогорку Кеңештин жактыруусу менен кызматка дайындайт. Эгер президент бул боюнча жарлыкка 3 жумушчу күндүн ичинде кол койбосо, талапкер дайындалды деп эсептелет. Район акимдерин да өкмөт башчы өзү дайындап, кызматтан кетире алат. Конституциядагы мындай нормалар бийлик вертикалын бекемдеп, министрлер кабинетинин башчысы кадр саясатына жана өкмөттүн ишине жеке жоопкерчиликти алат.
Депутат - премьер-министр же биринчи вице-премьер-министр боло алат, бирок бул учурда ал депутаттык мандатын жоготпойт. Эгер өкмөт отставкага кетсе, ал парламентке келип, кайрадан депутаттык ишмердигин улантса болот. Өкмөттү көпчүлүк коалицияга кирген фракциялардын лидери башкарышы мүмкүн. Бул өкмөт жана парламенттин бири-бири менен бекем кызматташуусуна өбөлгө болот. Коалицияга кирген эки парламенттик фракциянын лидерлери өкмөттү, ошондой эле өздөрүнүн фракцияларын көзөмөлдөөгө шарт түзүлөт.
Жаңы Конституцияга ылайык, көпчүлүк коалиция бекем болот. Анын тарап кетишине биринчи кезекте төрага кызыкдар болбойт. Эгер альянс бузулса анда парламент төрагасы кызматтан кетет. Фракциянын да көпчүлүктөн чыгуусу оорлошууда - ал үчүн фракция депутаттарынын үчтөн экисинин добушу керек жана ал эл өкүлдөрүнүн колу коюлган тиешелүү документтер менен берилиши шарт.
Президент Алмазбек Атамбаев да өз мөөнөтү бүткөн соң саястка аралашпасын билдирип келатат. Ал өкмөт башчылыкка да же андан башка кызматка да барбасын бир нече жолу кайталаган.