Жаңылыктар
Өкмөт башчы Ош облусунда жаңы имараттарды ачты
Аймак
Өкмөт башчы Ош облусунда жаңы имараттарды ачты

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында, алыскы бийик тоолуу Алай жана Чоң-Алай райондорунун социалдык объектилеринин инфраструктуралык абалы менен таанышты. Алай районунда өкмөт башчы Арча-Булак айылындагы жаңы көпүрөнүн жана Сары-Могол айылындагы орто мектептин ачылышына катышып, Гүлчө дайрасында курулчу дамбанын долбоорунан кабар алды. 

Сары-Моголдогу №53 Харыбек Алымсеитов атындагы орто мектептин ремонт ишин көрбөгөнүнө 20 жылдан ашты. 1948-жылы алгач боз үй формасында башталгыч класс тибинде ачылып, андан соң, финн тибинде курулган имараттар мындагы 1200дөн ашуун окуучунун татыктуу билим алышын аксатып келүүдө.

 Мектеп бардык заман талабына шайкеш келген жабдуулар менен камсыз болгон, буга кошумча өкмөт мектеп окуучуларына эки түстүү телевизордун сертификатын тапшырды. Ал эми, компьютер кабинети жакынкы убакта интернетке уланмай болду.
Алай районунун Талды-Суу айылындагы Арча-Булак айылы Кызыл-Суу дарыясынын сол тарабында жайгашкан. Аймактагы 24 миң гектар аянттын чөбүн чабуу үчүн жергиликтүүлөргө 50-60 чакырым жолду жөө басып өткөнгө туура келчу. Эми бул кыйынчылыктардын баары артта калды, дарыянын ортосуна узундугу 159 метр келген жаңы көпүрө пайдаланууга берилди. Бул көпүрө, жалгыз эле жергиликтүүлөрдүн эмес, Алай өрөөнүнө жайлоого чыккан чабан, малчылардын да муктаждыгын жойду.
Андан соң Премьер-министр Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылындагы орто мектептин ачылыш салтанатына катышты. 225 окуучуга эсептелинген билим берүү мекемесинин долбоордук сметалык наркы 61 млн 831 миң сомду түзөт.
Иш-сапардын алкагында, өкмөт башчы, Дароот-Коргон айылындагы 50 орунга ылайыкташкан оорукананын курулушунан кабар алды. Оорукананын толук бүткөрлүшүнө дагы 22 миллион сом акча каражат талап кылынаары маалым болду. Өкмөт башчы бул каражат, келээрки жылдын бюджетинде каралсын деп тийиштүү жетекчиликке тапшырды.