4-декабрда эртең менен Бишкектеги Сухомлинский көчөсүндө жайгашкан №29 үйдө өрт чыккан. Өрт өчүргүчтөр тилсиз жоону үч сааттан ашык убакытта өчүргөн. Жабыркагандар жок. 12 үй-бүлө жашаган үйдүн чатыры күйүп кеткен.
Өрт чыга баштаганда, үйдүн тургундары уктап жатышкан. Аларды жалынды көрүп калган тышта жүргөн адамдар ойготкон. Тургундардын айтымында, эшиктерди катуу такылдатып, ызы-чуу салышкан. Чоочун бирөөлөр го деген коркунуч жаралган.
Үйдө 70 жакын адам жашайт. Көпчүлүгүндө бир гана чатыр эмес, бөлмөсүнүн шыптары, дубалы жана техникалар да жабыркаган.
Кырсыкка борбор калаанын мэриясы көңүл буруп, үйдүн жаңы чатырына 500 миң сом бөлүп берген.
Турак жайдын чатыры толугу менен күйүп кеткен. Азыр айланасы күйүк жыттанып турат. Жылуу аба ырайы сакталып турганда, жардамга келген ыктыярчылар менен тургундар ыпыр-сыпырларды жыйнап, жаңы чатырды орнотууда”.
Канткен күндө дагы кайдыгер болбойлу. Балким сиз дагы жардамга муктаж болуп калышыңыз ыктымал дешет ыктыярчылар.