Жаңылыктар
Кышта кыйын кырдаалда калган окуучулардын көйгөйү
Аймак
Кышта кыйын кырдаалда калган окуучулардын көйгөйү

 Базар-Коргон районундагы Бел-Терек орто мектебинин окуучулары айыл өкмөттүн имаратында билим алууга аргасыз болууда. Анткени мектептин класстык бөлмөлөрү урап, коркунучтуу жагдай жаралган. Ал эми жаңы курулуп жаткан мектеп бүтпөй жатат. 

Мектеп 1967-жылы ашар жолу менен 150 орунга ылайыкташылып салынган. 50 жылга чукул кызмат көрсөткөн мектеп учурда жараксыз абалга келип, мына минтип дубалдары урай баштаган. Мектеп жамааты билдиргендей мында аргасыздан билим берүү уланып келет.

  ӨКМ мектеп жараксыз , окууганга болбойт деген чечимин 4 жыл мурда эле чыгарып берген. Коопту мектептин дагы 2 класстык бөлмөсү кулап баштаган. Айласы кеткен мектеп жамааты 1-класс менен 6-классты айыл өкмөттүн имаратында окутуп жатышыптыр.
Өздөрүн аз да болсо алаксытып туралы дешкенби, айтор көчүп жаткан класстык бөлмөлөрдүн дубалдарын көрнөк жарнактар менен жабууга аракет кылышкан. Окуучулар болсо мында коркуп, алактап билим алып жатышканын айтышат.
Балдарын мектепке жиберген айылдагы ата-энелердин да санаасы тынч эмес. Сабакка жибербей коелу дешкени менен билимден артта калышын каалабайт.
Бирок өткөн жылы өлкө бюджетинен 34 миллион сом бөлүнүп, 150 орундуу жаңы мектептин курулуш башталган.Мектепке быйылкы жаңы окуу жылында эле киргизүүгө убада беришкен.Мында иштеп жаткан кызамткерлердин айтымында керектүү курулуш материалдардын кечеңдегени ишти артка тарткан.
Мектеп жамаатынын көздөгөн максаты да ушул,кар калың түшкөнчө жаңы мектепке көчүп алсак дешет. Антпесе эскирген мектеп бул кыштын каарына туруштук бере албай калышы мүмкүн. Чындыгында мындагылардын кооптонуп жатышканын жөндүү. Анткени мында окуп жаткан 250 окуучу өмүрүн тобокелдике салып билим алууда.