Жаңылыктар
Добуш үчүн акча сунуштоо фактысы катталса кескин чара көрүлөт
Коррупция
Добуш үчүн акча сунуштоо фактысы катталса кескин чара көрүлөт

Үстүбүздөгү жылдын 11-декабрында өтө турчу референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоолор учурунда күч органдары күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. 

Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков “Биринчи радиого” билдирди. 

Шайлоо алдында мыйзам бузууларды болтурбоо үчүн жана керектүү шаймандарды кайтарууга алуу максатында бардык шайлоо участкаларында милиция кызматкерлери иштеп жатат. 

Ал эми шайлоо учурунда добуш үчүн акча сунуштоо фактысы катталса кескин чара көрүлөт. 

11-декабрда 384 айылдык жана 21 шаардык кеңешке шайлоо өтүп, ушул эле күнү Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча жалпы элдик референдум болот. Ал эми өлкө борбору, Бишкек шаардык кеңешке аттанып жаткан партиялардын саны 14 кө жетти. Алардын башында “Өнүгүу-Прогресс”, “Республика-Ата Журт”, КСДП, “Улуу кыргызстан”, “Демократ”, “Жаңы Доор” жана “Демократ” партиялары турат.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"