Жаңылыктар
Референдум: БШК акыркы даярдыктарды көрүүдө
Саясат
Референдум: БШК акыркы даярдыктарды көрүүдө

Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча жалпы элдик референдумга жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы даярдыктарды көрүп жатат.

Өлкөнүн бардык аймактарындагы шайлоо участкалары тиешелүү жабдыктар менен камсыздалып, бюллетендер жеткирилип, шайлоочулардын тизмеси такталууда.

Мындан сырткары чет өлкөлөрдө да тиешелүү добуш берүү жайлары ачылып, даярдыктар жүрүүдө. Мекенден сыртта жүрүп, шайлоого катышуу үчүн каттоого алынган атуулдардын көпчүлүгү Орусияда экени айтылууда.

Чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарыбыздын 18 жашка толгону, биометрикалык каттоосу бар, өзү иштеп, жашаган аймактагы кыргыз элчилигине каттоого тургандары гана Референдумда добуш берүүгө укуктуу. 

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"