Жаңылыктар
Тайвандагы жер титирөөнүн кесепетинен көп кабаттуу үйлөр урап түштү
Кырсык
Тайвандагы жер титирөөнүн кесепетинен көп кабаттуу үйлөр урап түштү

Тайванда күчү 6,4 баллды түзгөн жер титирөө катталып, каза болгондордун саны 20га жетти. Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча 6-февралда  эртең менен саат 4төр чамасында болгон. 

Арал сейсмикалык активдүү аймакта жайгашкандыктан, жер титирөөлөр көп болот. Бул жер титирөөнүн кесепетинен шаарда көп кабаттуу үйлөр урап, жүздөгөн адамдар калдыктардын астында калды. 

Тайван бийлигинин билдиргенине ылайык, 20 адамдын сөөгү табылып, 500дөйү жаракат алып, 350сү урандылардын алдынан тирүү куткарылса,132си изделип жатат. Учурда куткаруу иштерине 800дөй адам тартылып, издөөлөр уланып жатат.

Тайванда акыркы жолку чоң жер титирөө 1999-жылы катталып, кырсыктын курмандыгына 2 миңден ашык адам кабылган.