Жаңылыктар
Россияга героин алып өтүүгө аракеттенген кыргызстандык жаран кармалды
Кылмыш
Россияга героин алып өтүүгө аракеттенген кыргызстандык жаран кармалды

Ашказанына жашырып Россияга героин алып өтүүгө аракеттенген кыргызстандык жаран кармалды. 

Жыйырма жаштагы жаран атайын кызматтын колуна түшкөндөн кийин ооруканага жаткырылып, ашказанынан 15 капсула героин алынган. 

Чек ара кызматынын адистери ага чейин ал түшкөн автобусту тинтүү учурунда бөтөлкөнүн ичинен героин табышкан.

Бул тууралуу Казакстандын чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20 жаштагы мекендешибиз Бишкек - Томск каттамы боюнча автобус менен чек арадан өтүүгө арекеттенген. 

Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөчүлөр иштөөдө.