Жаңылыктар
Аламүдүн районунда жер көчкү жүрдү
Өзгөчө кырдаал
Аламүдүн районунда жер көчкү жүрдү

Алдын ала алынган маалыматка ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районунда 2016-жылдын 5-декабрынан 6-декабрына караган түнү Таш-Мойнок айыл аймагына караштуу Кара-Гоо дачалык участкасында жер көчкү жүргөн.

Жер көчкүдөн 1 турак үйдүн дубалы жараксыз абалга келген.

Жабыркагандар жок. Учурда райондук Жарандык коргонуу комиссиясы менен Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адистери тарабынан жеринде иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Кошумча маалымат берилет.