Жаңылыктар
Кытайдан келе жаткан жүктүн радиациясы жогору болуп чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Кытайдан келе жаткан жүктүн радиациясы жогору болуп чыкты

Кытайдан келе жаткан жүктө радиация жогору болуп чыкты. 

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, кыргыз-казак чек арасындагы "Кайыңды-темир жол" көзөмөл бекетинен радиациялык көрсөткүчү жогору жүк кармалган. 

Текшерүү учурунда радиациянын деңгээли көрсөткүчтөн ашып кеткен. 

Таш тегирмен, кирпич, бүркүүчү кургаткыч салынган 37 тонна жүк Казакстан аркылуу Кытайдан Кыргызстанга ташылып келе жаткан. 

Чек арачылар аны Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүп беришти.