Жаңылыктар
Пиротехникалык каражаттарды мыйзамсыз сатууга тыюу салынды
Кыргызстан жаңылыктары
Пиротехникалык каражаттарды мыйзамсыз сатууга тыюу салынды

Пиротехникалык каражаттарды мыйзамсыз сатууга тыюу салынды. 

Өз аймагында сатууга уруксат берген базарлардын администрациясы 50 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөйт. Ал эми сатуучу өз алдынча көчөдө салют сатса, 500 сомдон 1000 сомго чейин айып пулга жыгылат. 

Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын базарларында жаңы жылдык пиротехникалык каражаттарды сатууга тыюу салынган. 

Өкмөттүн 2009-жылдагы токтомуна ылайык фейерверктер атайын дүкөндөрдө гана сатылат. 

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өрткө каршы көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Болот Туячиев билдиргендей, азыр фейерверктерди мыйзамсыз саткандарды кармоо рейддери жүрүп жатат.