Жаңылыктар
Борбор калаада кыска метраждуу тасмалардын фестивалы башталат
Маданият
Борбор калаада кыска метраждуу тасмалардын фестивалы башталат

“Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү". Мына ушундай аталыштагы кинофестиваль 12-декабрда башталат. 

Анда калыстардын сынына 26 тасма коюлары айтылууда. Маалыматтарга караганда, фестивалдын байге фонду 400 миң сомду түзөт. 

Ар бир номинация боюнча сынак уюштуруп, алардын жеңүүчүлөрүнө 50 миң сомдон берилмей болду. 

Эскерте кетсек, “Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” фестивалы алты жылдан бери жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата өткөрүлүп келет. 

Бул жолку калыстар тобунун курамында Кыргызстан, Молдова, Россия, Казакстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн өкүлдөрү бар.