Ар бир шайлоонун алдында саясий партиялардын ишке ашпаган, куру, укмуштуудай убадаларын угуу көнүмүш адатка айланып калды. Бул тажрыйбаны шаардык кеңешке бараткан талапкерлер да мыкты өздөштүрдү. Алар коомдук транспортту толугу менен бекер кылып, жаңы төрөлгөн ымыркайга 50 миң сомдон сүйүнчү, ал эми айрымдары өлкөгө экинчи борбор курабыз дегенге чейин дымактарын билдиришүүдө.
Адегенде эле партиялар берип жаткан убадалардын ичинен “ар бир төрөлгөн ымыркайга 50 миң сомдон сүйүнчү берүү” демилгеси көзгө урунат. Бул маселе негизи кайсы бир партия тарабынан өткөн парламенттик шайлоодо эле көтөрүлгөн. Демилгечилер бул тууралуу 2018-жылы мыйзам кабыл ала коюуну да убада кылышкан. Бирок кечээ жакында эле өкмөт бул убада аткарылбасын тастыктады, анткени республиканын бюджетинде мынча каражат каралган эмес. Өлкөдө жылыга болжол менен 140-150 миң бала төрөлөт экен, эми аны 50 миңге көбөйтүп көргүлө.
Ушул эле убаданы бергендер быйыл шаардык кеңешке баратканда коомдук транспортту толугу менен бекер кылып, калаага 500 даана чоң автобус сатып келерин айтып чыгышты. Албетте коомдук транспортту бекер кылуу мүмкүн эмес экенин шаардык бийликтер деле билдиришти, бирок маселе бул баягы таттуу кыялдардын бири экенин карапайым жарандар деле түшүнгөнүн партия өкүлдөрү билмексен болушууда.
Убадаларга андан ары көз чаптырсак, айрым партиялар бардык мамлекеттик мекемелерди Бишкектен чыгарып, Чүй облусунун кайсы бир жерине Бишкек 2ни курабыз дешкен. Бул идея аларга эмнеден улам келгени да суроо, бирок негизги маселе кайрадан эле каражатка барып такалат. Андан сырткары экинчи борборду куруу үчүн аз эмес аянтты ээлеген гектарлаган жер да керек. Саясий серепчилер мындай убадаларды эл көзүнө көрүнүп калган эле, салмактуу саясий партиялар берип, бирок айткан сөздөрү менен аткарган иштери дал келбей жатканына өкүнүшөт.
Дагы бир партия өткөн парламенттик шайлоодон бери эле калаада көп кабаттуу унаа токтотуучу жай куруп, шаарды толук жарыктандырып, ал эми өлкөгө 400 комбайн алып келүүнү убада кылышкан. Азыркы кезге чейин андан деле дайын жок. Айрым серепчилер партиялардын мындай убадалары элдин добушун сатып алуу менен барабар экенин айтып келишет. Жаш куудулдар болсо бул жөнүндө бир катар видео роликтерди тартышып, партиялардын убадаларын жомокко салыштырып жүрүшөт.
Мындан сырткары партиялар мүмкүнчүлүгү чектелгендерге дары дармекти бекер кылуу, калаада эстакадалык көпүрөлөрдү куруп унаа тыгындарын чечүү, мамлекеттик аппаратта люстрация, пайызсыз насыя берүү сыяктуу убадалары толтура. Кызыгы булардын бардыгын эле партиялардын программасынан таба албайсын, тапсан алардын эч кандай каржылык же жөнөкөй гана техникалык негиздемелерин көрүүгө мүмкүн эмес.
Андыктан жарандык коомдун өкүлдөрү партияларга берген убадасын аткаруунун мөөнөтүн аныктап, аткарылбай калган учурда жоопкерчиликке тартуу маселесин козгоп жатышат. Маселен убадалардын 80 пайызы аткарылбаса кийинки шайлоолордон четтетүү. Жоопкерчилик маселесин шайлоочулар өздөрү деле чечип койсо болот, ал үчүн болгону куру убадага негизделген партияларды тандоодон алыс болуу керек.