Жаңылыктар
БУУ Батыров менен Елисеевдин доо арызын кароо чечимин кабыл алды
Саясат
БУУ Батыров менен Елисеевдин доо арызын кароо чечимин кабыл алды

Бириккен улуттар уюмунун адам укугун коргоо комитети Кадыржан Батыров менен Алексей Елисеевдин доо арызын кароо чечимин кабыл алды. Батыров, 2010-жылдагы июнь коогалыңын, улут аралык жаңжалдын уюштуруучусу катары айыпталып, өмүр бою  эркинен ажыратылган болсо, Елисеев, кылмыш жана жаза кодексинин 170-беренеси опуза-талап жана 221-берене коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Мындай маалыматтар учурда коомчулуктун  көңүл чордонунан орун алды. 

Кыргыз коомчулугу абройлуу эл аралык уюмдун Кыргызстандын жогорку инстанциялары чыгарган өкүмдү кайра карап чыгууга чечим чыгарып жатышы өлкөнүн кадыр баркына доо келтирүү, кыянаттык кылуу катары баалашууда. Чет элдик уюмдардын Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүү, басым жасоосуна чек коюда Баш мыйзамга киргизилип жаткан  өзгөртүү  жардам берет деп ишеним артышат алар.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"