Жаңылыктар
2017-жыл "Ыймандуулук, тарбия жана маданият жылы" деп жарыяланат
Маданият
2017-жыл "Ыймандуулук, тарбия жана маданият жылы" деп жарыяланат

Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция алдыга коюлган максаттардын баардыгы татыктуу ишке ашырылганын билдирүүдө. Маданиятка байланышкан иш-чаралар алар менен эле чектелип калбайт. Президент Алмазбек Атамбаев келээрки жылды Ыймандуулук, тарбия жана маданият жылы деп жарыялоону эп көрүүдө. Маданиятка маани берүү дүңгүрөгөн салтанаттарды өткөрүп, тарыхый инсандарды эскерүү менен эле бүтүп калбайт. Бул тармакта эмгектенген ишмерлердин жашоо-шарттарын жакшыртуу зарылчылыгы да бар.

Тарых жана маданият жылынын алкагында бир катар ири иш-чаралар өтүп, тармакка өзгөчө көңүл бурулганы менен көйгөйлөр, чечиле элек маселелер дагы деле бар. Муну президент Алмазбек Атамбаев да өзгөчө белгилейт. Маданият кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртуу менен алардын чыгармачылыгына дем күч берүү зарылчыгын айткандар арбын. Быйыл ишке ашпай калган максаттар келээрки жылы аткарылат деген үмүт жаралууда. Себеби, мамлекет башчы Ыймандуулук, тарбия жана маданият жылын жарыялоону көздөп турат. Келээрки жыл Ыймандуулук, тарбия жана маданият жылы деп жарыяланса логикалык жактан туура болоорун айткандар бар. Себеби инсандагы маданияттуулук көпчүлук учурда тарбиядан калыптанат.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"