Жаңылыктар
Кыргызстан интернетти Кытай аркылуу алууну ишке ашырат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан интернетти Кытай аркылуу алууну ишке ашырат

24- ноябрда эки тараптуу меморандумга кол коюлган, ушул тапта техникалык маселелерде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. 

Белгилей кетсек декабрь айынын башында Өкмөт башчы Кытай элчиси менен жолугушуу учурунда Кытайдан интернетти- транзиттөө боюнча маалымат алган. Учурда Кыргызстанда 4 миллион 800 миң абонент бар. 2017- жылдын алдыдагы 2 айында Өлкөнүн бардык мектептери интернет менен туташтырылат. 

Бул туурасында "Биринчи радиого"  Маалыматтык технологиялар жана байланыш комиттинин   төрагасы билдирди. 

Белгилей кетсек, учурда мобилдик операторлор Кыргызстандын аймагын 90 пайыз камтыган. Өлкөдөгү  бардык байланыш операторлору интернеттин сапатын көтөрүүнүн үстүндө тынымсыз иш алып барып жатат деп билдирет Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчилиги. Эске сала кетсек  өткөн жылы байланыш тармагында айланган акчанын жалпы суммасы 28 миллиардды түзгөн. Анын 6 миллиарды интернет тармагынын үлүшү болгон.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"