Жаңылыктар
Элдин бийликке болгон ишеними
Саясат
Элдин бийликке болгон ишеними

Элдин бийликке болгон ишеними мурдагы жылдарга салыштырмалуу жогорулап эле калды. А былтыркыга караганда быйыл бул көрүнүш 7 баллга өскөнү айтылууда. Албетте, бул - чек эмес.

Учурда биз кайтарым байланыштын тенденциясына күбө болуудабыз. Же, бийлик элдин ою менен дагы эсептешүүдө. Жарандардын пикири жөн гана эсепке алынбастан, чечим кабыл алууга дагы түздөн-түз таасир этүүдө. 

Маселен, кечээ жакындагы эле бийик тоолуу аймактагылар тууралуу мыйзам долбоору же автоунааларды камсыздандыруу тууралуу өкмөттүн чечимдерин алалы. Белгилүү болгондой, бийик тоолуу аймактагылар тууралуу мыйзам долбоору чакыртып алынды, ал эми автоунааны камсыздандыруу тууралуу чечим кийинкиге жылдырылды.

Бул жумада парламенттик көпчүлүк коалициясынын отуруму болуп өттү. Өкмөт эл өкүлдөрүнө отчет беришти. Депутаттар буга чейин региондордо шайлоочулар менен жолугушуп, мамлекеттик органдардын айрым демилгелери тууралуу пикирлерин элдин өз оозунан угуп келишкен.

Отурумда элдин бийликке болгон ишеними - ЖК менен өкмөттүн ишинен көз каранды экендиги айтылды. Алардын мыйзамдарды биргелешип кабыл алып, аны бирге аткаруусунан улам элдин жашоосу жакшырат. Отурумдун жүрүшүнөн кененирээк Гүлнара Касымбекованын репортажында: