Жаңылыктар
Бишкек мэриясы жыл жыйынтыгын чыгарды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек мэриясы жыл жыйынтыгын чыгарды

2016-жылы борбор калаадагы жолдорду курууга өзгөчө көңүл бурулду. Быйыл каттамдардын жыртык-тешиктери бүтөөгө 9 аялдама жана шаардын түштүк тарабындагы веложолдун курулушуна 500 миллион сом сарпталган. Ошондой эле Бишкенктин четиндеги конуштардын каттамы да салынууда.

Азыр калаа тургундарынын көөдөнүндө коомдук транспорт турат. Анткени көпчүлүк конуштарга автобустар барбайт. Маршруттук таксилер эле барат. Жаңы конуштагыдар деле маршруткага тыгылбай, ээн-эркин автобус менен каттагысы келет. Мындан улам, кийинки жылы калага 50 троллейбус жана автобус алып келүүну максат кылып атышат.

Азыр шаарда эмне көп? Унаа көп. Адардын саны акыркы 5 жылда 4 эсеге көбөйгөн. Учурда борбордо 380 миң машина каттоодон өткөн. Дагы канчасы каттала элек. Мындан улам, калаа жетекчилиги шаардагы унааларды иретке келитирүүну мерчемдеди.

Журналисттер жаңыдан курулуп жаткан таштанды жайынын тагдырына да кызыкты. Маалыматтарга караганда, жаңы полигондун курулушу январь айында башталат. Бирок ал кайсыл жерде жайгашаары азырынча белгисиз.
 
Бишкек жетекчилиги социалдык курулуштарды куруу үчүн акча жок экендин да айтышты. Алдыда 5 мектеп куруу пландалып, алардын төртөө мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулмак. Бирок, каражат бөлүнгөн эмес.

Борбор калаанын жетекчилиги жаңы жылды белгилөөгө карата даярдыктар боюнча да маалымат беришти. Борбордук көчөлөрдү жасалгалоо жана жарыктандырууга мэрия 13 миллион сом каражат бөлгөн. Кызмат демекчи, Албек Ибраимов жаңы шайланып келген шаардык кеңеш аны кайрадан шайлап албаса, кызматтан кетээрин билдирди.